пятница, 30 октября 2009 г.

Таластык журналисттер этикалык нормаларды окушту

Кечээ Талас Медиа Борборунун залында журналисттин профессионалдык этикасы жөнүндө семинар болду.
Бул семинардын максаты Кыргызстан журналистинин Этикалык Кодексин жана 2007-жылы түзүлгөн ММКга түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясы тууралу маалыматтарды жайылтуу.
Семинар учурунда катышуучулар, журналист же ММК материал даярдоо учурунда кайсы этикалык норманы сактоосу керектигин окушту. Азыркы учурда шаардык да аймактык журналисттердин туура эмес кылгандыктан Комиссияга даттануулар түшөт. Семинарга жергиликтүү журналисттер келип катышышты.
Иш чарада журналисттердин чөлкөмүндө болгон окуялары жана статьялары тууралуу талкууланды.
Областтык телевидениянын журналисти Анара Мамбеткадырованын айтымында, семинар кызыктуу жана пайдалуу болду. «Менин оюмча маалыматты туура жана чындыкты гана чагылдыруу, аны сөзсүз текшерүү керек, ал эми жарыяланган маалымат ката болгон учурда аны оңдоо абзел» - деди ал.
Ал эми, журналист кандай этикалык нормаларды бузгандыгын талкуу үчүн «Безумный город» деген көркөм фильми көрсөтүлдү.
Салтанат Досмамбетова.

Комментариев нет:

Отправить комментарий